Мазмунга өтүү Негизги навигацияга өтүү Колонтитулга өтүү

«Ойлон… Сак бол!»

2022-жылдын 2-декабрында Кыргызстанда “Ойлон… Сак бол!” аттуу медиа кампаниясы башталган. Анын максаты – онлайн-радикализацияга каршы туруу жана өлкөдөгү жалпы коомчулукту кибермейкиндиктеги коркунучтар тууралуу эскертүү.

«Интернеттеги зордук-зомбулуктуу экстремисттик идеялардын жайылуу көйгөйү көптөн бери көптөгөн мамлекеттерди жана эл аралык уюмдарды тынчсыздандырып келет. Бир катар изилдөөлөр көрсөткөндөй, радикалдашуу көйгөйү ушунчалык көп кырдуу болгондуктан, ал тургай коркунучка кабылган адамдардын шарттуу психологиялык портретин аныктоо мүмкүн эмес. Экстремисттердин онлайн жалдоосунун курмандыктары ар кандай курактагы, билими, социалдык жана үй-бүлөлүк абалы боюнча адамдар болушу мүмкүн. Башкача айтканда, экстремисттердин онлайн жалдоосунун курмандыгы болуп калуу коркунучунан эч ким корголбойт”, – деди эксперт Илхом Умарахунов Бишкекте өткөн акциянын бет ачарында.