Мазмунга өтүү Негизги навигацияга өтүү Колонтитулга өтүү

Биз жөнүндө

«Интерфейс Кансил» коомдук бирикмеси Кыргызстандын көп конфессиялуу коомунда ынтымакты жана туруктуулукту орнотууга багытталган Кыргызстандагы биринчи институтташтырылган конфессиялар аралык платформа болуп калды. “Интерфейт Кансил” тынчтыкты орнотууга умтулат  жана инсандын же коомчулуктун кадыр-баркына шек келтирген конфликттердин же башка көйгөйлөрдүн себептерин жана кесепеттерин төмөнкү ыкмалардын негизинде чечүүгө таянат:

Миссия

«Интерфейт Кансил» коомдук бирикмеси коомду демократиялаштырууга, адам укуктарын, анын ичинде дин жана ишеним эркиндигин сактоого умтулат. Уюм Кыргызстандын көп түрдүүлүгүнүн баалуулуктарынын позициясын карманат жана өзүнүн миссиясын тынчтыкта жашоо, коопсуздук жана тынчтыкты куруу идеяларын жайылтуу деп эсептейт.
«Интерфейт Кансил» расасына, түсүнө, гендердик өзгөчөлүгүнө, динине, жашына, улуттук же этникалык тегине, майыптыгына, үй-бүлөлүк абалына же башка негиздер боюнча басмырлоого жол бербейт. Биз идеялардын көп түрдүүлүгү аркылуу күчтөнөбүз жана биргелешип туруктуу өнүгүү максаттарына жете алабыз деп ишенебиз.

1. Кыргызстанда жана бүтүндөй дүйнөдө тынч жана адилеттүү коомду курууга салым кошкон жалпы принциптерге жана баалуулуктарга негизделген диний жамааттар ортосунда билим алмашууга көмөктөшүү.
2. Жалпы кызыкчылык чөйрөсүндөгү маселелерди алып чыгуу жана талкуулоо үчүн форум түзүү.
3. Кыргызстанда жана бүткүл дүйнөдө жалпы маралдык баалуулуктарга негизделген биргелешкен иш-аракеттерди пландаштыруу жана ишке ашыруу.

Баалуулуктар

• Гуманизм – адамдын кадыр-баркын жана инсандыгын таануу жана сыйлоо
• Маданий көп түрдүүлүк (плюрализм) – маданий көп түрдүүлүктүн баалуулугу, маданийөзгөчөлүктү коомдук биримдиктин шарты катары кабыл алуу жана урматтоо;
• Диалог жана өз ара түшүнүшүү – консенсус жана өз ара түшүнүшүү аркылуукөйгөйлөрдү чечүү.