Мазмунга өтүү Негизги навигацияга өтүү Колонтитулга өтүү


«Ойлон… Сак бол!» медиа кампаниясын түзүүнүн негизги кыймылдаткыч күчү «Глобалдык медиа борбор» долбоору болуп саналат. Долбоор 2021-2022-жылдары бир катар жарандык коомдордун, мамлекеттик органдардын, массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү менен тыгыз кызматташтыкта ишке ашырылган. Долбоордун негизги өнөктөштөрү КР ДИМК га караштуу Диний кырдаалды изилдөө борбору, ДИМК, ошондой эле REOC Communications компаниясы.

Зомбулуктуу экстремизмдин алдын алуу боюнча стратегиялык коммуникациялар боюнча Улуттук иш-аракеттер планы


«Зомбулуктуу экстремизмдин алдын алуу боюнча стратегиялык коммуникациялар боюнча Улуттук иш-аракеттер планы» долбоору Кыргыз Республикасындагы зомбулуктуу экстремизм жана терроризм коркунучуна каршы туруу үчүн Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары тарабынан стратегиялык коммуникацияларды колдонууга көмөк көрсөтүүгө арналган. Долбоор 2022-жылы КР ДИМК га караштуу Диний кырдаалды изилдөө борбору менен биргеликте ишке ашырылып, “Hedayah” эл аралык бейөкмөт уюму тарабынан каржыланган.

Интернетти террордук максаттарда колдонуу


“Интернетти террордук максаттарда колдонуу” долбоору 2021-жылдын февралында Albany Associates эл аралык бейөкмөт уюмунун катышуусу жана каржылык колдоосу менен башталган. 2017-2022-жылдарга Кыргыз Республикасында экстремизмге жана терроризмге каршы туруу боюнча Улуттук планды ишке ашырууга жооптуу мамлекеттик органдардын 30га жакын өкүлдөрү катышты. Мамлекеттик кызматкерлерге интернетте зомбулуктуу экстремисттик идеялардын жайылышын эффективдүү көзөмөлдөө, талдоо жана ага каршы туруу үчүн акыркы алдыңкы онлайн тажрыйбалар менен таанышууга мүмкүнчүлүк берилди.

Зомбулуктуу экстремизмге каршы күрөшүүдөгү медиа сабаттуулук


“Зомбулуктуу экстремизмге каршы күрөшүүдөгү медиа сабаттуулук” долбоору 2022-жылы Британиянын REOC Communications уюмунун каржылык колдоосу менен ишке ашырылган. Долбоордун алкагында “Интерфейт Кансил” коомдук бирикмеси REOC Communications менен биргеликте  Кыргызстандын медиа мейкиндигинде зомбулуктуу экстремисттик аракеттердин жайылышын натыйжалуу алдын алуу максатында жарандык коомдун, мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнүн жана ислам дин кызматкерлеринин медиа сабаттуулугун жогорулатууга багытталган бир катар иш-чараларды өткөрүштү. 

Кыргыз Республикасындагы дин жана ишеним эркиндиги боюнча  колдонмосу


“Кыргыз Республикасындагы дин жана ишеним эркиндиги боюнча  колдонмосу” долбоору ЕККУнун Демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча бюросу (ДИАУБ) тарабынан каржыланып,  2016-жылы Кыргыз Республикасында дин жана ишеним эркиндиги туралуу эл аралык стандарттар жана улуттук мыйзамдар боюнча колдонмо катары иштелип чыккан.  Бул колдонмо Кыргыз Республикасынын аймагында жашаган бардык адамдар үчүн жеткиликтүү укуктун маңызы, аны коргоонун каражаттары жана механизмдери жөнүндө  бардык маанилүү маалыматтарды камтыйт.