Мазмунга өтүү Негизги навигацияга өтүү Колонтитулга өтүү
Май 25, 2022

Конфессиялар аралык кеңеш Дин иштери 
боюнча мамлекеттиккомиссиясы менен 
биргеликте уюштурулган

2022-жылдын 25-майында Конфессиялар аралык кеңеш Дин 
иштери боюнча мамлекеттиккомиссиясы менен 
биргеликте уюштурулган “Зомбулуктуу экстремизмди алдын алуу 
жана ага каршы туруу боюнча стратегиялык медиа 
кампанияларды иштеп чыгуу” тренинги болуп өттү. Тренинг жаштарды экстремисттик аракеттерге тартууну 
алдын алуу үчүн контентти даярдоо жанаколдонуу технологиялары тууралуу. Тренинг диалог түрүндө өттү. REOC Communications компаниясынын директору Ричард Чалк медиа стратегиялары жана Сирияга барууну каалагандар же Улуу
Британияда буга чейинки азгырылгандар менен иштеген
компаниялардагы тажрыйбасы тууралуу айтып берди. Albany associates/REOC Communications  долбоорунун Кыргызстандагы координатору Галина Колодзинская билдиргендей, Глобалдык медиа борбор долбоору КР нын Конфессиялар аралык кеңеши, КР нын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясына караштуу Диний кырдаалды изилдөө борбору менен биргеликте иш алып бараарын айтты. Долбоордун өзү жергиликтүү чыныгы окуяларга негизделген контентти даярдоого жардам берүү жана келечекте күч-аракеттерди бириктирүү жана биргелешкен медиа стратегияларды даярдоо үчүн иштелип чыккан.

Май 25, 2022
Ноябрь 18, 2021

Коомдук изилдөө боюнча колдонмо


2021-жылдын 18-ноябрында Кыргыз Республикасындагы зомбулуктуу экстремизмдин жайылышына каршы туруу долбоорунун алкагында “Коомдук изилдөө боюнча колдонмо” китебинин бет ачары болуп өттү. “Коомдук изилдөөлөр боюнча колдонмо – бул Кыргыз Республикасындагы негизги аудиториялардын ортосундагы зомбулуктуу экстремизмдик коммуникация процесстерин түшүнүүнү жакшыртуу жана мүнкүнчүлүктөрдү кеңейтүүгө багытталган ачык маалыматтарды изилдөө ыкмалары боюнча  терең практикалык колдонмо. Колдонмо КР ДИМКга караштуу Диний кырдаалды изилдөө борбору менен тыгыз кызматташтыкта ​​даярдалган. Ал бардык кызыкдар тараптардын үзгүлтүксүз катышуусун, ошондой эле коомдук изилдөөнүн  техникаларын жана методологияларын туура практика аркылуу  көндүмдөрдү берүү үчүн форум түзүүнү камсыз кылган   изилдөөнүн структурасына арналган жумушчу топтун бир катар жолугушууларынын негизинде  иштелип чыккан.

Ноябрь 18, 2021
Октябрь 8, 2021

Конфессиялар аралык кеңештин, КР нын ДИМК нын, ДКИБ нын  жана ИИМ дин кызматкерлери үчүн дескриптивдүү статистика боюнча окуу курсу башталды.


2021-жылдын 8-октябрында Конфессиялар аралык кеңештин, КР нын ДИМК нын, ДКИБ нын  жана ИИМ дин кызматкерлери үчүн дескриптивдүү статистика боюнча окуу курсу башталды.Статистикалык жол-жоболор маалыматтын же байкоолордун так, маалыматтык берүүсүн жана чечмелөөнү камсыз кылууга жардам берет. Тренингдер Albany Associates жана REOC Communications тарабынан колдоого алынган.

Октябрь 8, 2021
Август 19, 2021

Террористтердин интернетти колдонуусу” темасында онлайн конференция өткөрүлдү.


2021-жылдын 19-августунда “террористтердин интернетти колдонуусу” темасында онлайн конференция өткөрүлдү.
Террористтер. Бул аймактык долбоор фактчекинг жана медиа сабаттуулук аркылуу жалган маалыматка каршы турууга багытталган.Бул аймактык долбоор фактчекинг жана медиа сабаттуулук аркылуу жалган маалыматка каршы турууга багытталган.Albany Associates колдоосу менен онлайн тренингге “Интерфейт Каснил” коомдук бирикмесинин, КР ДИМК жана Диний кырдаалды изилдөө борборунун, ошондой эле КРда экстремизмге жана терроризмге каршы күрөшүү боюнча Улуттук планды ишке ашырууга катышкан башка мамлекеттик органдардын кызматкерлери катышкан онлайн конференция болуп өттү.

Август 19, 2021
Январь 1, 2014

Каракол шаарында жыгач устачылык цехи ачылды


2014-жылы Каракол шаарында жыгач устачылык цехи ачылып, анда жетим балдар балдар үйүн аяктагандан кийин келечекте өздөрүн ишке ашырууга мүмкүндүк берүүчү кесипкөйлүккө жана адистикке ээ боло алышат. Мындан тышкары Каракол шаарында дагы эки кайрымдуулук долбоору ишке ашырылган: көп балалуу үй-бүлөдөгү жумушсуз аялдар үчүн сулуулук салонунда төрт жумушчу орун түзүү, ошондой эле жумушсуз аялдар үчүн тигүү курстарына жабдууларды сатып алуу боюнча. Тигүү курстары жылына 20-25 тигүүчүнү даярдайт.

Январь 1, 2014
Январь 1, 2014

Диндер аралык кеңеш VII чакырылыштагы депутат Дастан Бекешевге дүлөй-дудук кызга медициналык жабдууларды сатып алууга жардам көрсөткөн


2014-жылдын башынан бери Диндер аралык кеңеш VII чакырылыштагы депутат Дастан Бекешевге дүлөй-дудук кызга медициналык жабдууларды сатып алууга жардам көрсөткөн.Мындан тышкары, эң керектүү буюмдардын жетишсиздигине дуушар болгон «Сүйүү колу» аялдар кризистик борборуна жардам көрсөтүлгөн.2014-жылдын март айында мугалимдер менен биргеликте Бишкек шаарынын чет жакасындагы тиешелүү мамлекеттик кызматтарда каттоодо турбаган жана мамлекет тарабынан колдоого алынбаган аз камсыз болгон 35 көп балалуу үй-бүлөлөргө материалдык жардам көрсөтүү боюнча кайрымдуулук долбоору ишке ашырылган.2014-жылдын август айынын аягында ушул эле үй-бүлөлөргө гуманитардык жардам көрсөтүлүп, анын алкагында үй-бүлөөдөгү мектеп окуучулары үчүн бардык керектүү канцелярдык буюмдар жана рюкзактар ​​тапшырылган.

Январь 1, 2014
Январь 1, 2013

“Интерфейт Кансил” коомдук бирикмеси бир катар кайрымдуулук долбоорлорун ишке ашырган.


2013-2014-жылдары “Интерфейт Кансил” коомдук бирикмеси бир катар кайрымдуулук долбоорлорун ишке ашырган. Мисалы, Токмак шаарындагы №11 шаардык балдар үйүндө чакан канаттуулар фермасы түзүлгөн. Натыйжада үй-бүлөлүк балдар үйү өзүн-өзү каржылоонун кошумча булагына ээ болгон.

Январь 1, 2013
Июнь 15, 2013

Конфессиялар аралык кеңеш «Ачык позиция»


2013-жылдын июнь-июль айларында Конфессиялар аралык кеңеш «Ачык позиция» коомдук фонду, Норвегиялык Хельсинки комитети жана ЕККУнун Бишкектеги борбору тарабынан уюштурулган семинарларга активдүү катышты.2013-жылдын 21-августунда Конфессиялар аралык кеңеш үчүнчү эл аралык “Дин жана коопсуздук” темасына арналган диндер аралык коннференциясын өткөргөн. Жайында түрдүү конфессиялардын диний лидерлеринин топтору өлкөнүн конфессиялар аралык кагылышуу болгон алыскы аймактарына барышат. Бул сапарлардын максаты – конфессиялар аралык диалогду жана коомдогу толеранттуулук маданиятын өнүктүрүү, ошондой эле ар түрдүү конфессиялардын диний лидерлеринен турган конфессиялар аралык топторду түзүү, жергиликтүү жамааттардын деңгээлинде конфессиялар аралык чыр-чатактарды алдын алуу болуп саналат.

Июнь 15, 2013
Апрель 21, 2013

“Жеңиш”паркынын аймагында Конфессиялар


2013-жылдын апрель айында “Жеңиш”паркынын аймагында Конфессиялар аралык кеңеш Бишкек шаарынын мэриясы менен биргеликте ишембилик өткөрүп, бир нече көчөттөрдү отургузган. Бул иш-чараны муниципалдык бийлик органдары менен уюштурууда Конфессиялар аралык кеңешке Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия көмөктөшкөн.

Апрель 21, 2013
Август 9, 2012

Интерфейт Кансил


2012-жылдын август айында “Интерфейт Кансил” коомдук бирикмеси болочок диний лидерлердин жумушчу тобу 2010-жылдагы каргашалуу июнь окуясында эң көп жабыр тарткан Ош шаарынын чет жакаларына эки тигүү цехин жана 1 ширетүүчү цехти ачуу үчүн акча чогултуу акциясын уюштурушкан

Август 9, 2012