Мазмунга өтүү Негизги навигацияга өтүү Колонтитулга өтүү


Түзүлүү тарыхы


2010-жылдын июнь айында Кыргызстанда улуттар аралык жаңжалдын чыгышына байлашыштуу тынчтык орнотуу маселелерин чечүү максатында КР Президенти Роза Отунбаева Кыргызстанда диндер аралык диалог аянтчасын түзүү демилгесин көтөргөн. Бул максатта Р.Отунбаева Европалык диний лидерлер кеңешинин (ЕДЛК) төрагасы Гуннар Столсетти жана кеңешменин башкы катчысы Стайн Виллюмстэди Кыргызстанга чакырган. 2010-жылдын июнь жана октябрь айларындагы эки иш сапардын жүрүшүндө тараптар Кыргызстанда конфессиялар аралык диалогду түзүү зарылдыгын белгилешкен.

диндер аралык кеңешти түзүү


Кыргызстандын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы (ДИМК) Кыргыз Республикасынын Президенти Р.Отунбаеванын демилгесин колдоп, диндер аралык кеңешти түзүү демилгесин талкуулоо процессине дин лидерлерин чогултууга көмөктөшкөн. 2011-жылдын 12-январында Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия Европалык дин лидерлеринин кеңеши менен биргеликте “Ар түрдүү диндер – жалпы баалуулуктар – биргелешкен аракеттер” аттуу биринчи диндер аралык конференция өткөргөн. Бул конференцияда Кыргызстандын диний лидерлери өлкөдөгү диндер аралык диалог аянтчасын түзүү демилгесин колдошкон.
Созданная рабочая группа разработала основ