Конфессиялар аралык кеңеш Дин иштери
боюнча мамлекеттиккомиссиясы менен
биргеликте уюштурулган
2022-жылдын 25-майында Конфессиялар аралык кеңеш Дин
иштери боюнча мамлекеттиккомиссиясы менен
биргеликте уюштурулган “Зомбулуктуу экстремизмди алдын алуу
жана ага каршы туруу боюнча стратегиялык медиа
кампанияларды иштеп чыгуу” тренинги болуп өттү. Тренинг жаштарды экстремисттик аракеттерге тартууну
алдын алуу үчүн контентти даярдоо жанаколдонуу технологиялары тууралуу. Тренинг диалог түрүндө өттү. REOC Communications компаниясынын директору Ричард Чалк медиа стратегиялары жана Сирияга барууну каалагандар же Улуу
Британияда буга чейинки азгырылгандар менен иштеген
компаниялардагы тажрыйбасы тууралуу айтып берди. Albany associates/REOC Communications долбоорунун Кыргызстандагы координатору Галина Колодзинская билдиргендей, Глобалдык медиа борбор долбоору КР нын Конфессиялар аралык кеңеши, КР нын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясына караштуу Диний кырдаалды изилдөө борбору менен биргеликте иш алып бараарын айтты. Долбоордун өзү жергиликтүү чыныгы окуяларга негизделген контентти даярдоого жардам берүү жана келечекте күч-аракеттерди бириктирүү жана биргелешкен медиа стратегияларды даярдоо үчүн иштелип чыккан.